15-сентябрдан баштап билим берүү мекемелеринин кадимки тартипте иштеп башташы Бишкектеги транспорт көйгөйүн кайрадан көтөрдү.
Жарандардын айтымында, айрым каттамдар таптакыр линияга чыкпай калса, айрымдарынын унаалары азайып кеткен. Мындан улам каттап жаткан маршруттук таксилерге эл шыкалып, батпай да калып жатат. Шаар тургундары мындай көрүнүшкө нааразы, маселенин жакын арада чечилишине кызыкдар.
«10 мүнөттөн ашык убакыттан бери турам, мага керектүү маршрутка жок. Дегеле азайып кетти. Ооба мен деле түшүнүп жатам, аларга деле кымбатчылык болуп жатат. Бирок карапайым элди деле ойлошсо болмок, бул маршруттардан башка деле автобустарды көбөйтүп мисалга. Мектептер ачылганы такыр эле коомдук транспорттун тартышыгы башталды да».
Коомдук транспорттун тартыштыгы окуу жылынын башталышында студенттерге да сезилди.
«Маршрутка жок. Университетиме кечигип жатам. Болсо да эл жык толгон, батпай калып жатабыз. Университет, мектептер ачылганы такыр эле жетишсиз болуп калды. Өкмөт бул маселени чечип берсе жакшы болмок».
Коомдук транспорт маселесин жана жол кире акысы көп убакыттан бери талкууда. Бирок калаадагы депутаттар анын чечүү жолдорун таба элек.
Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Жамгырчиева коомдук транспортко жол киренин баасын автобустарга 11 сом, маршруткаларга 15 сомго чейин көтөрүү сунушталып жатканын айтты. Мындан сырткары борбор калаага «Эко эл ташуу» ишканасы менен биргеликте жаңы автобустар алып келинип жатат.
«Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык кеңешинде коомдук транспорттогу тарифти көтөрүү маселеси боюнча комиссия жүргүзүлдү. Ошол комиссиянын негизинде 11 сомдон 15 сомго чейинки тарифтер сунушталды. Ал эми тарифтердин акыркы версиясы кандай кабыл алынат, ал — депутаттардан көз каранды. Анткени андай чечимди бир гана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алат. Буга чейин коомдук транспортко 50 автобус алып келинген, азыр болсо дагы 210 автобус келди. Булар шаардын борборунда ишке киригизилет. Ал эми маршруттук таксилердин иши да караштырылат. Албетте бир күндө чечиле турган маселе эмес, дагы да аракеттер болот деп ишенебиз».
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча 2016-жылы 4340 маршруттук такси болсо, 2021-жылы 1300 гана маршруттук такси калган. Мунун эң негизги себеби маршруттук таксилерди айдагандар үчүн жол кире акысы такыр пайда бербей калганында.
Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго көтөрүп, каттамга чыкты
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, социалдык суроолор боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Рысбай Аматов да транспорт маселесин чечүүдө жол кирени көтөрүү жолун гана көрүп турат.
«Коомдук транспорттогу көйгөйдү чечүүнүн негизги жолу тарифти жогорулатуу болуп жатат. Маршруттук таксилердин көтөрүлүшкө чыгып, жүргүнчү ташыган жеке компаниялардын кызыгуусунун жокко чыгышынын себеби ошол күйүүчү майдын кымбатташы, инфляция жана башка факторлор болуп жатат. 2012-жылдан бери тариф маселеси караган эмес. Көтөрүлбөй да келген. Бүгүн туруктуу комиссиянын отуруму болуп, анда биз жол кире тарифин 11 сомдон 15 сомго көтөрүү сунушун карадык. Келерки сессиянын кароосуна бул сунушту алып чыкканы жатабыз. Тариф маселеси 28-сентябрдагы сессияда чечилет».
Бишкекке бир нече күн мурун келген 270 автобус да таңкыстык маселесин чече албайт. Болжолдуу түрдө шаарды транспорт менен толук камсыз кылуу үчүн бир жарым миңдей автобус керек. Бирок мэрияда автобустар, троллейбустар өтө эле азайып кеткен. Мисалы, 2016-жылы Бишкекте 110 автобус, 108 тролейбус каттап турса, быйыл 75 автобус, 120 троллейбус каттап жатат.
Бишкек: Өзбекстандан келген алгачкы 50 автобус каттамга чыкты (маршрут)
Маршруттук таксилердин жол акысын жогорулатуу талабына шаар тургундарынын көпчүлүгү каршы чыгышкан. Шаардык кеңештин депутаттары 28-сентябрдагы сессиясында маселеге чекит коёт.