Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Өзбекстандан келген алгачкы 50 автобус каттамга чыкты (маршрут)

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 1061 | 0

Бишкекте Өзбекстандан келген 50 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бул автобустар эки эшиктүү, узундугу 6,9 метр. Анда жүргүнчүлөр үчүн 16 орундук каралып, жалпы 38 адам батат.

Мэриядан белгилешкендей, автобустар жүргүнчүлөрдү бир жума акысыз ташыйт.

Аталган унаалар 5 каттамга бөлүштүрүлгөн:

— №10 каттам: «Ак-Ордо конушу – айланма»;

— №11 каттам: «Чоң Арык – айланма»;

— №12 каттам: «Маевка айылы – Көк-Жар айылы»;

— №13 каттам: «Муромская көчөсү – Кырман конушу»;

— №14 каттам: «12-кичи район – Ак-Ордо конушу».

Белгилей кетсек, быйыл мэрия газ менен жүргөн ISUZU үлгүсүндөгү автобустардан жалпы 350нү алат. Алар кезек-кезеги менен ушул жылдын октябрь айына чейин келип бүтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM