Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан ЖККУга кирүүнү пландаган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 528 | 0

Өзбекстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирүүнү пландаган жок. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Станислав Зась билдирди.

Ал ар бир мамлекет тигил же бул уюмга мүчө болууну өзү чечерин жана бул Уюм башка мамлекеттердин чечимине таасир этпей турганын белгиледи.

«Өзбекстан азырынча ЖККУга кирүүнү пландаган жок. Биз уюмга мүчө болууга эч кимди мажбурлабайбыз», — деди ал.

Мындан мурдараак июль айында Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов да уюмга кирүү тууралуу пландары жок экенин айткан.

Эскерте кетсек, Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге 1992-жылы Ташкентте Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистан жана Өзбекстандын өлкө башчылары тарабынан кол коюлган.

1993-жылы уюмга Беларусь, Азербайжан жана Грузия кирген. Кийинчерээк Азербайжан менен Грузия ЖККУдан чыккан.

1999-жылы Өзбекстан уюмдан чыгып, кайра 2006-жылы кайтып келген. Бирок 2012-жылы уюмдан кайра чыгып кеткен.

Учурда ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM