Connect with us

Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин баш коргоо чарасы каралууда

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 676 | 0
Сүрөт: Акипресс

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-сентябрь түштөн кийин Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин бөгөт чарасын карай баштады.

Алар «бийликти күч менен басып алууга» шектелип, 14-сентябрда кармалды.

Ички иштер министрлиги Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») менен катталган кылмыш иликтенип жатканын расмий кабарлаган. Анын алкагында шектүү катары Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан сырткары күбө катары Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматкерлер суракка алынган.

Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бийлик шайлоо алдында өзүнүн туруктуулугуна кам көрүп жатабы?

Copyright © 2017 Maral FM