Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Партиялардын көптүгү эмнеге алып келет?

Саясат | 16 Сен 2021 | 1102 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы жарандык коомдун өкүлдөрү менен шайлоо маселесин талкуулады. 

Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн 75 партия катталган. Анын ичинен алты партия шайлоо фондун ача элек, эки партияны каттоодон баш тартылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова партияларды биригүүгө чакырды. Себеби партиянын көп болушу добуштардын бөлүнүшүнө алып келип, жыйынтыгында көпчүлүк шайлоочунун өкүлү парламентке өтпөй калат.

— 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоого 29 партия катышкан, босого 5 пайыз болчу. Бул Жогорку Кеңешке өтүүгө жакшы шарт болду деген психологиялык иллюзияны түзгөн. Бирок 29 партиянын көпчүлүгү мандат бөлүштүрүүдө четте калып калышкан. Добуш берүүгө катышкан 36 пайыз шайлоочунун өкүлдөрүнө мандат жетпей калган. Анткени 19 партия өтпөй калган. Алдыңкы катарда оппозициялык партиялар келгендиктен мындай кемчилик байкалбай калган.

2015-жылы өткөн шайлоодо 14 партия катышып, 6 партия парламентке өткөн. Анда партиялар биригип, электораты да бир багытта болушкан, жыйынтыктар тең салмактуу чыгып, шайлоодон кийинки абал туруктуу болгон.

Быйылкы шайлоодо партиялар өз колу менен шайлоодон кийинки кризисти жаратып алышы мүмкүн. Себеби партиялардын саны көп, атаандаштык бар, мындан улам добуштар бөлүнүп кетип, көбүнө мандат жетпей калат.

2020-жылы өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо 44 партия катышуу тууралуу арыз берип, 16сы катышкан. Быйыл парламентке келе турган 90 депутаттын 54ү партиялык, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Партиялар 13-октябрга чейин съезддерин өткөрүп, жабык добуш берүү аркылуу талапкерлердин тизмесин түзүшү керек.

Каражат маселесине токтолсок, 18-октябрга чейин партиялар 1 млн сом шайлоо күрөөсүн төгөт, бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлер 100 миң өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүшү керек.

— Саясий партиялар шайлоо фондун ачууга милдеттүү. Ал акча улуттук валюта менен болуп, ар бир талапкер 1 млн 500 миң сомдон ашпаган акча салат. Партиянын каражаты 100 млн сомдон ашпашы керек жана жеке жактар да акча которо алат.

Жеке талапкердин шайлоо фонду 150 миң сомдон ашпашы керек. Жеке жактар ага 200 миңден ашпаган акча которо алышат. Бир юридикалык жак 500 миң сомдон ашпаган акча которо алат. Талапкердин шайлоо фондуна келген жана сарпталган акча 10 млн сомдон ашпашы керек. Талапкерди каттоодон баш тартылганда, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканда, күрөө кайтарылып берилет, — деди БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө тобунун мүчөсү Раида Баширова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев үгүт иштери боюнча маалымат берди.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрда бүтөт.

— Мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда иштегендер, жергиликтүү бийлик органдарында иштегендер үгүт иштерине катыша албайт. 18 жашка толо элек жана чет жактык жарандар да үгүттөй албайт. Үгүттөөнү массалык маалымат каражаттары аркылуу, эл менен жолугушууларда, дебаттар, концерт, театрлаштырылган, спорттук иш-чаралар учурунда жүргүзүүгө болот. Саясий маданият сакталып, каралоо, жалган билдирүү таратылбашы керек. Саясий партиялардын лидерлери, мүчөлөрү башка мамлекеттин саясий  кызматкерлери менен сүрөткө түшүп, же кайсы бир сыйлыктарды алуусуна да тыюу салынат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын жарыялады.

Маалым болгондой, болжолдуу 100 миң 476 шайлоочу бир округду түздү. Коомчулукта шайлоо округдарынын схемасы боюнча нааразылык көп.  Боршайком 16-сентябрда 9 шайлоо округунун чек аралары өзгөртүлгөнүн билдирди.

«Жарандык платформа» коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усупбекова шайлоо округдары кандай учурда өзгөртүлүшү мүмкүн экенин айтты.

— Мисалы, 36 округ болсо, райондор тарабынан нааразылык көп болуп жатат. Ош, Ысык-Көл облустары боюнча да суроолор пайда болгон. Бардык райондорго талапкер көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берсек, анда 50дөн ашык округ болуп кетет. Ошондуктан мыйзамда сан жана аймак боюнча бардык механизмдер көрсөтүлгөн. Менин оюмча, Боршайком шайлоо округдарынын схемасын түзүүдө жеке өзүнүн чечимин чыгарган жок, бардык жергиликтүү бийлик органдары менен кеңешти. Азыр эгер кайсы бир кызыкчылыктар менен округдардын схемасы кайра түзүү маселеси каралса, бул административдик ресурс кошулуп, басым болгонун билдирет. Шайлоого жеке мандаттуулар да аттанып калды, демек, округдарды бузууга эч мүмкүнчүлүк жок.

28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо 3 млн 686 миң 921 жаран добуш бере алат.

2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, одоно мыйзам бузуулар болгондуктан жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашкан.

Copyright © 2017 Maral FM