Connect with us

17-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 299 | 0

Эртең, 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Өлкөнүн калган облустарында жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +27 … +32;

Талас облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +26 … +31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13 … +18, күндүз +30 … +35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +22 … +27;

Нарын облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +22 … +27 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13 … +15, күндүз +30 … +32 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM