Connect with us

Жапаров ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени көтөрдү

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 301 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Душанбе шаарында Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин (ЖККУ) сессиясында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени көтөрдү.

Ал белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун сакталып турушу кыргыз тарапты Уюмга мүчө мамлекеттердин бул маселеге көңүлүн бурдуртууга милдеттендирет.

«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат. Өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат», — деди Жапаров.

Аймактагы абалды эске алуу менен Садыр Жапаров бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда Уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну айтты.

Copyright © 2017 Maral FM