Биз менен байланышыңыз

Нью-Йорк соту «Центерранын» Кыргызстанга санкция салуу өтүнүчүн четке какты

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 378 | 0

15-сентябрда Нью-Йорк соту «Центерра» компаниясынын Кыргызстанга санкция салуу өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясы билдирди.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак «Центерра» компаниясы «Кумтөргө» байланыштуу соттук процесстер, тышкы башкаруунун узартылышынан улам Кыргызстан буга чейин сот чыгарган «автоматтык токтотуп туруу» чечимин бузду деген жүйө менен соттон Кыргызстанга күнүнө 1 млн доллар санкция салууну өтүнгөн.

Сот «Центерранын» арызын карап чыгып, ал өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM