Биз менен байланышыңыз

Казакстан парламенти Тажикстанга ок-дары берүү мыйзамын карайт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 515 | 0

«Тажикстанга ок-дары түрүндө жардам берүү жөнүндө» мыйзамы Казакстандын мажилисине келип түштү. Бул тууралуу мажилистин эл аралык иштер жана коргонуу комитетинин төрайымы Айгүл Куспан билдирди.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак Казакстан Тажикстанга жардам катары 3 млн 240 даана 5,45 миллиметрлик патрон, 20 миң 76 даана 23 миллиметрлик патрон жана 10 миң даана 82 миллиметрлик миномет огун берери кабарланган.

Мыйзам июнь айында коомдук талкууга чыгарылган. Андан бир ай мурун эле кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болуп өткөндүктөн, ал катуу талкуу жараткан. Буга байланыштуу Казакстандын Коргоо министрлиги түшүндүрмө берип, Казакстандын эки коңшу мамлекеттин ортосундагы чатакка түрткү берүүгө ниети жок экенин белгилеген.

Министрлик билдиргендей, 2019-жылы декабрь айында Тажикстан тажик-ооган чек арасындагы кырдаалдын оорлошуна байланыштуу Казакстанга аскерий-техникалык жардам сурап кайрылган. Бул багыттагы макулдашууга эки өлкөнүн өкмөтү апрель айынын ортосунда, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр болгонго чейин кол койгон.

Аны менен бирге Казастандын Коргоо министрлиги Кыргызстанга да аскердик-техникалык жардам көрсөтүлө турганын билдирген.

Ошол эле учурда министрлик аскерий-техникалык жардам кырдаал турукташып, Кыргызстан менен Тажикстан ортодогу пикир келишпестиктерди жөнгө салуу тууралуу макулдашууга жеткенден кийин гана бериле баштаарын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM