Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери 1 млрд 752 млн сомго патенттер берилди

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 275 | 0

Быйыл сегиз айда 1 млрд 752 млн сомго 698 миң 570 патент жана 579 млн 565 миң сомго 498 миң 612 камсыздандыруу полиси берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматы белгилегендей, 453 миң 342 патент (1 млрд 64 млн сомго) жана 369 миң 55 камсыздандыруу полиси (346 млн 490 миң сомго) онлайн алынган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда электрондук патенттер 2018-жылдын 1-октябрь айынан тарта берилип баштаган.

Учурда epatent.gov.kg сайтынан электрондук патент менен камсыздандыруу полисин бир документ менен алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM