Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Тажикстанга учуп кетти – делегациянын курамы

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 913 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) отурумуна катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров 16-сентбярда ЖККУнун саммитине катышып, анда мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашышат. Ошондой эле алдыда Армениянын ЖККУдагы төрагалыгы мезгилиндеги уюмдун ишинин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты угушат.

17-сентябрда президент ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.  Жыйындын күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.

Белгилей кетсек ЖККУ жана ШКУ саммиттери Тажикстандын төрагалыгында өтөт.

Мындан сырткары Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын Ооганстандагы кырдаал боюнча биргелешкен жолугушуусуна катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков;

— Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

— коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

— өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, ШКУдагы Кыргызстандын улуттук координатору Казыбек Көчкөнов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM