Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов ИИМге суракка кирип кетти

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 507 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов ИИМге суракка кирип кетти.

Жанар Акаев суракка кирердин алдында ИИМге «бийликти күч менен басып алуу» иши боюнча күбө катары чакырылганын билдирген. Акаев ал эч качан бийликти басып алууга эч ким менен сүйлөшүү жүргүзбөгөнүн белгиледи.

Сулайманов да ИИМге күбө катары чакырылганын айтып, суроолорго кийинчерээк жооп берерин билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев менен болгон сүйлөшүүсү делген аудиожазуу тараган. Анда көтөрүлүш тууралуу сөздөр болуп, депутат Жанар Акаевдин да аты аталган.

Ага байланыштуу 14-сентябрда Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM