Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда Ооганстанга жардам топтоо үчүн логистикалык борбор түзүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 697 | 0

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында бир нече мамлекетте Ооганстанга жардам чогултуу үчүн кампалар даярдалды.

Учурда азык-түлүк жана башка керектүү оокаттарды топтоо үчүн Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстанда кампалар даярдалган. Башкы логистикалык борбор Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунун Термез шаарында жайгашкан.

Эскерте кетсек, апта башында Женевада Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча донорлордун жолугушуусу өткөн. Анда донорлор Ооганстанга жардам үчүн 1 миллиарддан ашык каражат топтоп берүүнү убада кылган.

Белгилей кетсек, көп жылдык согушту баштан кечирген Ооганстандын эли «Талибандын» бийликти басып алышынан кийин, ошондой эле кургакчылыктын айынан быйыл гуманитардык жардамга айрыкча муктаж болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM