Биз менен байланышыңыз

Японияда 100 жаштан ашкан карылардын саны жылдан жылга көбөйүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 821 | 0

Японияда 100гө жете жашагандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.

15-сентябрга карата Японияда 100 жаштан ашкан адамдардын саны 86 миң 510го жетти. Былтыркы жылга караганда алар 6 миң 60ка көбөйгөн.

100дөн ашкандардын 76 миң 450сү же дээрлик 90%ы аялдар болуп саналат.

Японияда 100дөн ашкан карыялар тууралуу статистика 1963-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ал жылы 100 жашка чыккан же андан улуу 153 гана кары болгон.

Учурда Япония калкынын саны 126 миллионго жетет.

Белгилей кетсек, Японияда карыларга сый көрсөтүү күнү жылда сентябрь айынын үчүнчү дүйшөмбүсүндө майрамдалат. Ал быйыл 20-сентябрга туура келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM