Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов жана окуучулар (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 407 | 0

15-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын Тойчу Актанов атындагы орто мектебинин жаңы корпусунун ачылышына катышты.

Ал окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окуу процесси ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады.

«Окуучуларды жана мугалимдерди кайрадан мектептен көрүү абдан кубанычтуу. Биз бул күндү көпкө күттүк. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу балдарыбыз онлайн режимде билим алды. Жалпы күч-аракетке, анын ичинде калкты вакцинациялоо кампаниясына жараша бүгүн окуучулар үчүн мектептердин эшиги ачылды жана балдар салттуу форматта билим алууга мүмкүндүк алды. Ушул күнү жаңы окуу имаратын ачып жатканыбыз кубанычтуу. Мындан ары мектепте билим берүү сапаты жакшырат деп ишенебиз», — деди Марипов.

Ал мектеп администрациясына 15 компьютерди белек катары тапшырды. Ошондой эле 11-класс үчүн «Тынчтык сабагын» өттү.

Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын Тойчу Актанов атындагы орто мектеби үч блоктон турат.

Биринчи корпусу 1994-жылы ачылган, учурда бул жерде бала бакча ачуу пландаштырылууда. 100 орунга саналган экинчи корпус 2007-жылдан бери иштейт.

Дагы 100 орунга эсептелген үчүнчү окуу имаратынын курулушу үстүбүздөгү жылы аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM