Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан Түрк кеңешине мүчө болуп кирет

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 642 | 0

Түркмөнстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (Түрк кеңешине) мүчө болуп кирет.

Түркиянын Стамбул шаарында 12-ноябрда өтө турган саммитте Түркмөнстанды кеңешке толук кандуу мүчөсү кылып алуу маселеси каралат.

Андан тышкары ал саммитте Түрк кеңешинин аталышы Түрк тилдүү мамлекеттердин уюму деп өзгөртүлөт.

Эскерте кетсек, Түрк кеңешине Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчөлүк кылат. Венгриянын байкоочу мамлекет деген макамы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM