Биз менен байланышыңыз

«Евробиримдик — Борбор Азия» форумуна даярдыктар талкууланды

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 257 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Бельгия, Нидерланд, Люксембургдагы элчиси Муктар Жумалиевди кабыл алды.

Жолугушууда 5-ноябрда Бишкекте биринчи жолу өтө турган «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форумун өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар талкууланган.

Жумалиевдин айтымында, алдыдагы экономикалык форумга Евробиримдиктин өкүлдөрүн Европа комиссиясынын экономикалык маселелер боюнча вице-президенти Валдис Домбровскис жетектеп келет.

Иш-чара өкмөт башчылар арасында өтөт.

Евробиримдик жашыл экономикалык өнүгүүгө өтүү боюнча стратегиясын ишке ашырууга 1 трлн евро жумшай турганын айткан элчи Кыргызстан форумдун жүрүшүндө Евробиримдик менен кызматташуу боюнча экономикалык долбоорлорун сунуштай аларын белгилеген.

Форумдун алкагында жашыл экономиканы калыбына келтирүү, ишкер чөйрөсүн жакшыртуу, санариптештирүү өңдүү темалар боюнча сессиялар жана иш-чаралар, ошондой эле энергетика, финансы, туризм жана башка багыттар боюнча өзүнчө сессиялар болот.

Жапаров Кыргызстандын тышкы саясатында Европа Биримдиги менен саясий жана экономикалык кызматташтыкты арттыруу артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеген.

Анын айтымында, Евробиримдиктин да Борбор Азия мамлекеттерине кызыгуусу бар. Алыдагы форум да Евробиримдиктин Кыргызстан жана башка Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну кеңейтүүгө болгон ынтызарлыгын көрсөтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM