Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 19-сентябрда BISHKEK HALF MARATHON жарышы өтөт

Кыска кабар , Спорт | 14 Сен 2021 | 1047 | 0

Бишкекте 19-сентябрда BISHKEK HALF MARATHON-2021 жарышы өтөт. Жарыш 3, 10 жана 21,1 чакырымга чуркоо жана 3, 10 чакырымга жөө басуу боюнча болот.

10 чакырым жана 21,1 чакырымда эркек жана аялдар арасындагы жеңүүчүлөргө өзүнчө акчалай сыйлыктар каралган. 10 чакырымда биринчи орундарга 15 миң сом, экинчиге – 10 миң сом жана үчүнчүгө – 7 миң сомдон берилет.

21,1 чакырымдык жарышта биринчи болгондор 50 миң сом, экинчиге – 30 миң сом жана үчүнчүгө 20 миң сомдон тапшырылат.

Жалпы байге фонду 264 миң сомду түзөт.

Жарышка катышуучуларды каттоо 18-сентябрга чейин жүргүзүлөт. 10 жана 21,1 чакырымга катталуу 1 миң 500 сом жана 3 чакырымга 1 миң 200 сом турат.

BISHKEK HALF MARATHON жарышы Арча-Бешик конушундагы «Газпром» спорт комплексинин алдында (Жайыл Батыр көчөсү, 66) саат 08:00дө башталат.

BISHKEK HALF MARATHON жарышы Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Жеңил атлетика федерациясы жана Эл аралык марафон дирекциясы тарабынан уюштурулуп жатат. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети колдоо көрсөтүүдө.

«Марал» радиосу BISHKEK HALF MARATHON жарышынын медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жарыш тууралуу кененирээк маалыматты runthesilkroad.com сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM