Биз менен байланышыңыз

КМШ оюндары: Кыргызстан 6-орунда келе жатат

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 455 | 0

Татарстандын борбору Казань шаарында (Орусия) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн I оюндарында медалдар боюнча Кыргызстан 6-орунда келе жатат.

Азыркы тапта Кыргызстандын спортчулары жалпы 37 медаль алышты. Алардын ичинен экөө алтын, 10у күмүш жана 25и коло байге.

Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына 163 спортчу катышат. Алар спорттун 13 түрү боюнча күчүн сынайт.

Учурда бул жарыштарда 195 медаль уткан Орусиянын спортчулары биринчи орунда турат (95 алтын, 32 күмүш жана 38 коло).

КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына 1 9 мамлекеттин – Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Молдова, Беларусь жана Орусиянын спортчулары катышууда.

Мелдешке 14-23 жаштагы спортчулар катышып, алар спорттун 16 түрү боюнча таймашат: күрөш, бокс, дзюдо, бадминтон, ок атуу ж.б. Анда 182 топтом медаль ойнотулат. 4-сентябрда башталган оюндар 11-сентябрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM