Биз менен байланышыңыз

Бишкекте пара алууга шектелген милиция кызматкери кармалды

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 402 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, милициянын майору Д.М.К. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган кызматкер Чүй облусунун тургунун «алдамчылык» беренеси менен иш козгойм деп коркутуп, 500 доллар жана кымбат баалуу сувенирлерди талап кылган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгү менен иш ачылган.

Учурда кармалган милиция кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM