Биз менен байланышыңыз

Ооганстандын Душанбедеги элчиси «Талибандын» өкмөтүн тааныбоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 884 | 0

Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Зохир Агбар дүйнө коомчулугун өлкөнү басып алган «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) түзгөн өкмөттү тааныбоого чакырды.

Элчи талибдер кураган өкмөттү легитимсиз деп эсептейт.

«Талибдер адам укуктарын сактап, инклюзивдик өкмөт курганга чейин мен алар менен кызматташпайм. Талибдер курган өкмөт легитимсиз жана мен дүйнө коомчулугун аларды тааныбоого чакырам. Ал — өз кылмыштары үчүн Гуантаномодогу түрмөдө (АКШынын Кубагдагы түрмөсү) отурган террорчулардын өкмөтү», — деди ал.

Аны менен бирге ал Панжшердеги талибдерге каршы турган күчтөрдүн кармашы токтой элегин жана улана берерин айткан.

Анын айтымында, Ооганстандын чет жердеги бардык 67 дипломатиялык өкүлчүлүгү талибдердин өкмөтүн тааныбайт.

Эскерте кетсек, «Талибан» кыймылы 7-сентябрда жаңы түзүлгөн убактылуу өкмөттүн курамын жарыялаган. Өкмөттүн башына Мохаммад Хасан келген. Ал 1996-2001-жылдары талибдер бийликте турган кезде министрлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри жана Кандагар провинциясынын губернатору болгон.

«Талибандын» саясий канатынын лидери Абдул Гани Барадар менен Катардагы саясий кеңсенин башчысынын орун басары Абдул Салам Ханафи вице-премьер болушкан.

«Талибан» жаңы өкмөттүн курамын жарыялады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM