Биз менен байланышыңыз

Түркия Кыргызстанга 150 миң доза вакцина берди

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 336 | 0

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстанга Түркиядан гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы Sinovac вакцинасынын 150 миң дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Вакцинаны өткөрүп берүү салтанатына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Sinovac-CoronaVac — Кытай чыгарган вакцина. Ал COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму тарабынан жактырылган.

Учурда Кыргызстанда  Sinopharm, «Спутник V», AstraZeneca вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 725 миңден ашык адам вакцинанын биринчи дозасы менен, 507 миңден ашыгы эки доза менен тең эмделди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM