Биз менен байланышыңыз

Токаев: Ооганстандык казактарды алып келүү маселеси караштырылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 583 | 0

Казакстан Ооганстандагы этникалык казактарды тарыхый мекенине алып келүү маселесин караштырууда. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев чет өлкө элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде билдирди.

«Казакстан учурдагы маселелерди чечүү үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөр менен тыгыз иштешип жатат. Баарынан мурда биздин мекендештерди эвакуация кылдык. Учурда Ооганстандан казак диаспорасынын өкүлдөрүн, тактап айтканда, кандаштарыбызды алып келүү маселесин караштырып жатабыз. Гуманитардык көз караштарга ылайык, 57 ооган студентинин окуу визасын узарттык», — деди ал.

Ооганстанда бийликти «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) басып алгандан кийин казак тектүү өлкө жарандары Казакстандын бийлигине тарыхый мекенине алып кетүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Андан кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги ооганстандык казактардын тарыхый мекенине алып кетүү боюнча кайрылуусу караларын, бирок ал тез чечиле турган маселе эмес экенин билдирген. Министрликтин маалыматы боюнча, Ооганстанда 15 түтүн (кожолук) этникалык казак, болжол менен 200 адам жашайт. Диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, алардын саны андан да көп болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM