Биз менен байланышыңыз

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району Кыргызстанга 1500 тонна буудай берет

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 337 | 0

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун (СУАР) өкмөтү Кыргызстанга 1500 тонна буудай берет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кытай элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда айтылды.

Ошондой эле СУАР өкмөтү жеке коргонуучу каражат бөлөт.

Быйылкы кургакчылыктын айынан Кыргызстанда буудайдын түшүмү аз жыйналууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, июль айында өлкөдө буудайдын орточо баасы 29,15 сом болгон. Буудай былтыркы жылдын июль айына караганда 8,2 сомго же 39,3%га кымбаттаган.

Мындан мурдараак өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сырттан ташылган дан жана унду 2022-жылдын 1-августуна чейин кошумча нарк салыгынан бошоткон.

Сырттан келген дан менен буудай 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM