Биз менен байланышыңыз

ММК: Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болот

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 379 | 0

Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө болуп кирет. Бул тууралуу орусиялык «Коммерсантъ» басылмасы Душанбедеги булактарына таянып жазды.

Белгилүү болгондой, Иранды уюмга мүчө кылып кабыл алуу процедурасынын башталышы 16-17-сентябрда Душанбеде өтө турган ШКУ мамлекет башчыларынын саммитинде жарыяланат. Ирандын уюмга кириши бир нече убакытты талап кылат.

Иран уюмга кирүү тууралуу арызын 2008-жылы эле берген. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялары бар болгондуктан 2015-жылга чейин аны мүчө кылып алууга мүмкүн болгон эмес. Бирок 2015-жылдан кийин да АКШнын өзөктүк курал программасы боюнча Иран менен болгон келишимден чыгып кетишине жана Тажикстандын каршылыгына байланыштуу ишке ашпай келе жаткан.

Эскертке кетсек, ШКУга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Пакистан жана Индия мүчөлүк кылат. Ооганстан, Беларусь, Иран, Монголиянын байкоочу мамлекет, Армения, Азербайжан, Шри-Ланка, Камбожа, Түркия жана Непалдын диалог боюнча өнөктөш макамы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM