Эртең, 10-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +18… +23;
Талас облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +17 … +22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12 … +17, күндүз +23 … +28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +19 … +24;
Нарын облусунда түнкүсүн 5 … +10, күндүз +19 … +24 градус ысык болот.
Бишкекте күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11 … +13, күндүз +21… +23 градус ысык болот.