Биз менен байланышыңыз

«ДыйканДос» айыл чарба тармагын санариптештирет

Экономика | 9 Сен 2021 | 996 | 0

Кыргызстанда дыйкандар үчүн биринчи жолу айыл чарба тармагы боюнча бардык суроолорго жооп берген онлайн жардамчы «ДыйканДос» көп функциялуу Telegram боту иштелип чыкты. Анын негизги максаты маалымат алуу көйгөйүн чечүү жана айыл чарба тармагы боюнча мыкты адистердин тажрыйбаларын чогултуу болуп саналат. Дыйкандардын онлайн жардамчысынын өзгөчөлүктөрүнө алдыда кененирээк токтолобуз.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги бүгүн жыйын өткөрүп, анда бардык фермерлерге айыл чарба тармагындагы ар кандай маанилүү маалыматты алууга жана чогултууга жардам бере турган «ДыйканДос» көп функциялуу онлайн Telegram ботун сунуштады.

Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Нурдин Алишеров мурда дыйкандар керектүү маалыматтарды райондордогу агрардык башкармалыктардан алып келсе, эми интернеттен эле суроо берип, жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.

«Бул жерде керектелүүчү шаймандар — уюлдук телефон жана интернет. Ошол программаны телефонго жүктөп алып, керектүү маалыматтын баарын тапса болот. Кандай үрөндөр бар, кайсы жерден алса болот, алардын баалары кандай, айтор, каалаган суросуна жооп алат. Ошондой эле үрөн себүүдөн мурда жердин абалын аныктап, кандай жерлерге кандай үрөн себүү жакшы боло турганын билсе болот. Биздин негизи максат — министрлик көрсөтүп жаткан кызматтарды санарип аркылуу дыйкандарга жакындаштыруу. «ДыйканДос» платформасы деп жатабыз, бул — пайдубал десек болот. Ал жерге кирбей калган кызматтар болсо, биз киргизип берүүгө даярбыз. Жалпылап айтканда, бул программанын мүмкүнчүлүктөрү аябай көп».

Долбоордун авторлору «ДыйканДос» айыл чарба тармагында бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртарына ишенишет. Себеби дыйкандар өндүрүмдүн импорту жана экспорту боюнча материалдарга, документтерге, гранттар боюнча маалыматтарга, министрликке караштуу мекеме-уюмдар менен байланышуу жолдоруна, даттануу жана сунуш калтыруу сыяктуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. «ДыйканДосту» түзүүдөн мурда дыйкандарга кандай маалымат керектиги туурасында сурамжылоо жүргүзүлгөнүн «Агросмарт» мамлекеттик ишканасынын башкы адиси Азиз Чалбаев билдирди.

«Сурамжылоодон белгилүү болгондой, өлкөдөгү дыйкандардын көйгөйлөрү дээрлик окшош. Мисалы, айыл чарба продукцияларын чыгарууну калыпка салуу боюнча айыл чарбада кандай гранттар бар, банктар кандай насыяларды сунуштайт, ошонун баарын биз сурамжылоонун негизинде ботко киргизгенбиз. Ошондой эле эң көп суроо-талапка ээ болгону үчүн байланыштар жана ишканалар функциясын киргиздик. Байланыш бөлүмүндө өсүмдүктөрдү кайра иштетүүчүлөр, айыл чарба кызматтарын сунуштаган компаниялар жөнүндө толук маалымат бар».

Мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «ДыйканДос» атайын дыйкандар менен түз байланыш куруу максатында демилгеленгенин, ага негизги үч пироритеттүү тармак киргенин маалымдады. Анын айтымында, бул долбоордун концепциясы туура, бирок долбоорду ишке ашыруу башка маселе.

«Негизги үч пироритеттүү тармакты бекиткенбиз: биринчиси, дыйкандарды палаталарга болобу, бирикмелерге болобу, бириктирүү — кээ бир мамлекеттик милдеттерди дыйкандарга өткөрүп берип, алардын натыйжалуу иш алып баруусуна шарт түзүп, өзүн-өзү жолго салган механизм киргизүү; экинчиси, санариптештирүү; үчүнчүсү, кайра иштетүүчү заводдорго басым жасап, аларга локомотив болуп, айыл чарбасын өнүктүрө турган тармак түзүү». 

Кошумчалай кетсек, аталган виртуалдык жардамчы айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен «Агросмарт» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM