Биз менен байланышыңыз

Казакбаев Орусиядагы мекендештер менен онлайн жолукту

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 199 | 0

Кечээ, 8-сентябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиядагы кыргыз диаспора, бизнес-ассоциация жана коомдук бирикме өкүлдөрү менен видеоконференция өткөрдү.

Ага Москва шаарында жана облусунда жашап иштеген мекендештер катышты.

Сөз башында Казакбаев коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда мамлекетке көрсөткөн жардамы үчүн мекендештерге ыраазычылык билдирди.

Онлайн жолугушууда Орусиядагы кыргыз мигранттарынын иши жана жашоосу менен байланышкан маселелер, Орусиянын «кара тизмесинен» чыгаруу, чет жерде каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү ж.б. маселелер талкууланган. Ошондой эле мекендештер кызыккан суроолорун узатып, министрден жооп алышкан.

Казакбаев Орусиядагы мекендештерди 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого активдүү катышууга чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM