Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда талибдерге каршы турган күчтөрдү колдогон акция өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2021 | 629 | 0

Ооганстанда Панжшер провинциясында «Талибан» кыймылына (Кыргызстанда террордук деп таанылган уюм) каршы турган «Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтун» колдогон жүрүш болуп өттү.

Каршылык акциялары 6-августта кечке маал Ооганстандын Кабул, Гарет, Газни жана башка жерлеринде болду.

Жүрүштүн катышуучулары аталган фронттун башчысы Ахмад Масуддун талибдерге каршы туруу чакырыгын кубаттап, аны колдогон ураандарды айтып чыгышты. Ошондой эле «Талибанга» каржылык, аскердик жардам көрсөтүүдө» деген айыптоолор болуп жаткандыктан Пакистандын бийлигин жектеген ураандар жаңырды.

Каршылык акциялары учурунда кандайдыр бир окуялардын болгону тууралуу маалымат жок.

Акцияга чыккандарды колдогон өлкөнүн улуттук коопсуздук башкармалыгынын мурдагы башчысы Рахматулла Набиль Twitterˈге: «Пакистан Ооганстандын душманы болгон жана болуп жатат. Пакистандын бийлигине каршы чыгуу – ар бир ооган жаранынын милдети», — деп жазды.

Эскерте кетсек, талибдер 15-августта борбор калаа Кабулду басып алгандан кийин дээрлик бүтүндөй өлкөгө өз үстөмдүгүн орноткон. Бир гана Панжшер провинциясында аларга каршы турган күчтөр болгон. Талибдер ал аймакты да басып алуу үчүн өз адамдарын жөнөткөн.

Акыркы күндөрү аталган провинцияда эки тараптын айыгышкан салгылаштары жүрүүдө. Талибдер Панжшерди басып алганын бир нече ирет жар салды. Ошол эле учурда «Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту» ал маалыматты төгүндөп, элди талибдерге каршы турууга чакырууда.

Өткөн ишемби, 4-сентябрь күнү Кабулга Пакистандын мекемелер аралык чалгын кызматынын башчысы Фаиз Хамид келген. Анын келиши өлкөдө «Пакистан Ооганстандын ички иштерине кийлигишип жатат» деген нааразычылыктарды туудурган.

Ага байланыштуу талибдер Фаиз Хамид Ооганстанга эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу үчүн келгенин билдирген. Ал эми Панжшердеги күчтөр Пакистандын бийлигин талибдерге аскердик жана каржылык жардам көрсөтүүдө деп айыптоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM