Биз менен байланышыңыз

Талибдер Панжшер провинциясын басып алганын кайра жар салды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 1021 | 0

Ооганстанда «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Панжшер провинциясын басып алганын билдирди.

Кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахиддин айтымында, алар «Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун» күчтөрүн талкалап, Панжшерди толук көзөмөлүнө өткөргөн.

«Ооганстандагы согуш аяктады. Эми өлкөбүздү өнүгүп-өстүрүүгө убакыт келди», — деди ал.

Ошол эле учурда аталган фронт талибдердин Панжшерди ээлеп алганын төгүндөп, кармаш улана берерин билдирди.

«Талибан» кыймылы Панжшерди басып алганын буга чейин да айтып чыккан. Бирок «Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту» ал маалыматты четке каккан.

Эскерте кетсек, талибдер 15-августта борбор калаа Кабулду басып алгандан кийин дээрлик бүтүндөй өлкөгө өз үстөмдүгүн орноткон. Бир гана Панжшер провинциясында аларга каршы турган күчтөр болгон. Талибдер ал аймакты да басып алуу үчүн өз адамдарын жөнөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM