Биз менен байланышыңыз

Бир мандаттуу округдардан талапкерлер 13-октябрга чейин көрсөтүлөт

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 298 | 0

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алкагында талапкерлердин тизмеси түзүлө баштайт. Календардык планга ылайык, бир мандаттуу округдардан талапкер 13-октябрга чейин көрсөтүлөт.  Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутаттыкка талапкер көрсөтүү добуш берүү күнүнө 45 календардык күн калганда бүтөт, ал 13-октябрга туш келет.

Шайлоо округдарынын схемалары шайлоо күнү дайындалгандан 7 календардык күндөн кечиктирилбестен же 6-сентябрга чейин түзүлөт.

Шайлоо округдарынын тизмелери БШКнын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына округдар бекитилген күндөн тарта 5 календардык күндүн ичинде, башкача айтканда, 10 -сентябрга чейин жарыяланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM