Биз менен байланышыңыз

Монголиянын президенти айрым укуктарынан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 377 | 0

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух айрым ыйгарым укуктарынан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда президенттин администрация башчысы Янгугийн Содбаатар билдирди.

Анын айтымында, быйыл январь айында соттор тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын Конституцияга дал келер-келбеси боюнча ошол кездеги президент Халтмаагийн Баттулга конституциялык сотко кайрылган.

«Конституциялык сот ал маселени карап чыгып, жаңы мыйзамдын айрым пункттары Конституцияга каршы келет деген бүтүм чыгарган. Конституциялык соттогу талаш-тартыштан улам ал мыйзам акыркы 8 айдан бери юридикалык күчкө ээ болбой жатат», — деген ал.

Ага байланыштуу президент карама-каршылык жаратып жаткан сотторду жана Коррупцияга каршы агенттиктин башчысын дайындоо боюнча ыйгарым укуктарынан баш тартууну чечкен.

«Андыктан сотторду дайындоо боюнча ыйгарым укук парламентке, ал эми Коррупцияга каршы агенттиктин башчысын дайындоо премьер-министрге өткөрүлүп берилет. Бул нерсе сот системасындагы чоң реформалардын башталышынын жышаанасы болот», — деген ал.

Эскерте кетсек, Ухнаагийн Хурэлсух быйыл 9-июнда өткөн шайлоодо президент болуп шайланган. Ага чейин президенттик кызматты Халтмаагийн Баттулга ээлеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM