Биз менен байланышыңыз

Коргоо министрлиги Артем Новиковго улук лейтенант наамын берди (видео)

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 468 | 0

Коргоо министрлиги Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковго улук лейтенант наамын берди.

Новиковго улук лейтенант наамы апрель айынын аягында Баткенде болгон чек ара чыры учурунда мамлекеттик органдар менен күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо иши, Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн мөөнөтүнөн мурда берилген.

Белгилей кетсек, ал убакта Новиков биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеп турган.

Новиковго улук лейтенанттын погондорун министр Таалайбек Өмүралиев өзү тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM