Түркиянын борбору Анкара шаарында 6-16-сентябрда Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Көргөзмө Түркия президентинин аппаратына караштуу Улуттук китепкананын Диван залында өтөт. Анын ачылышы эртең, 6-сентябрда саат 14:00дө болот.
Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, маданиятын, кооз жаратылышын, турмуш-тиричилигин жана улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлат.