Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин кабарлоо үчүн ыкчам байланыш телефону ишке кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Ыкчам телефон номурлары:
- — 0312-63-09-01,
- факс 0312630900,
- 0556630009,
- Whatsapp 0703630900.
Байланыш телефондору 24 саат иштейт. Кайрылган жаран өзүнүн аты-жөнүн, жашаган жерин жана байланыш телефонун калтырышы керек.
Эске салсак, 27-августта Бишкекте «айдоочуну атып өлтүрдү» деген шек менен жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкери эки айга камакка алынган.
Айдоочунун өлүмүнө шектелген инспекторлор 19-сентябрга чейин камалды