Биз менен байланышыңыз

Малды жасалма уруктандыруу 30%га көбөйөт

Чарбачыл , Экономика | 3 Сен 2021 | 1726 | 0

Чүй облусунун Байтик айылындагы «Элита» мамлекеттик асыл тукум мал чарба станциясында суюк азот чыгарган завод ачылды. Ачылыш салтанатка Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, чарбанын кызматкерлери жана коомдук уюмдар катышты. Заводдун ишке кирүүдөгү негизги максаты – сүт жана эттин кошумча наркын көтөрүү жана асыл тукум малды көбөйтүү. 

«Элита» мамлекеттик асыл тукум мал чарбасы суюк азот чыгарып баштады. Суюк азот малдын уругун сактоого колдонулат. Заводдун жабдуулары БУУнун Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду (IFAD) тарабынан каржыланган «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору аркылуу сатып алынган. Донор «Элита» имаратын оңдоону да каржылаган. Инвестициянын жалпы көлөмү 181 миң АКШ долларын түзгөн.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулунун айтымында, жасалма уруктандыруу малдын тукумун жакшыртууга гана эмес, жайыт пайдаланууда да, айыл чарба өндүрүмүн көбөйтүүдө да көмөк берет.

«Министрликтин мал чарбасындагы негизги саясаты — малдын тукумун жакшыртуу. Долбоор жасалма жол менен уруктандырууга, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө, сырттан мал алып келүүгө багытталат. Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, айыл чарба өндүрүмүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнө багытталат. Мындан сырткары асыл тукум мал сүттүү, этүү келип, дыйкандардын кирешесин жогорулатат».

Министрликтин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев «Элита» заводу Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарын суюк азот менен камсыздай турганын билдирди. Мындай завод Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айылына да курулат. Учурда имарат салуу иштери башталган.

«Ишкананын жабдуулары 2018-жылы Кыргызстан менен Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фонду түзгөн келишимдин негизинде, атайын долбоордун алкагында алып келинген. «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун көздөгөн максаты – кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү. «Элита» асыл тукум станциясы көп жылдан бери иштебей келген. Заводго суюк азот чыгаруучу жаңы жабдууларды алып келүүгө долбоордун техникалык жардамы тарабынан шарт түзүлдү. Малдын уругун сактоодо азот эң керектүү зат болуп саналат. Ансыз урук көпкө сакталбай, сапатын жоготот».

Ишкана буга чейин жасалма куут, жасалма уруктандыруу иштерин жасап келген. Станциянын лабораториясында 41 жыл эмгектенген Роза Мамбеталиева заводдун кайрадан жаңыланып ишке киришине карата өз пикирин билдирди.

«1980-жылдан бери ушул уюмда иштеп келем. Бул тармак мурунтан эле өнүккөн чарба катары эсептелинген. Бул жерде асыл тукум мал багылып келген. Ал эми суюк азот чыгаруучу завод жаңыдан ачылып жатканына кубанычтабыз. Бул иш алдыга жылып, өнүгө берсин».

Республика боюнча 452 жасалма уруктандыруу станциясы бар. Анын 60%ы суюк азот жоктугунан иштебей калган. Жаңы ишке кирген завод күнүнө 400 литрге чейин суюк азот чыгарат. Адистердин айтымында, анын аркасы менен жасалма уруктандыруу 5%дан 30%га көбөйөт.

Copyright © 2017 Maral FM