Биз менен байланышыңыз

Жогорку аттестациялык комиссия президенттин карамагына өттү

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 425 | 0

Жогорку аттестациялык комиссия Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия болуп өзгөртүлдү. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкта илимдин стратегиялык мааниси өлкөнүн өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык жана маданий көйгөйлөрдү чечүүдө илимий жана инновациялык ишмердиктин багытталышынын зарылдыгын аныктай турганы белгиленет.

Натыйжада илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия деп өзгөртүп, кайрадан түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM