Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы беш бейтап каза болду

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 136 | 0

Кыргызстанда 3-сентябрга карата 175 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 176 миң 193кө жетти.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен беш бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 2 миң 541ди түзүүдө.

Ошол эле бир суткада 92 адам илдеттен сакайды, жалпы айыккандар 170 миң 261 киши.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 960 бейтап, үй шартында 979 бейтап дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM