Биз менен байланышыңыз

Жамалбек Ырсалиев Биринчи май районунун акими болду

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 736 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Дагы бир буйрук менен аталган райондун акими болуп Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Жамалбек Ырсалиев 1975-жылы Нарын районунун Жерге-Тал айылында туулган. 2009-жылы Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясын юрист адистигинде, 2015-жылы Орусия Президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигинде аяктаган.

Алгачкы эмгек жолу малчылыктан башталган. 1998-2003-жылдары «Ислам маданияты» гезитинин башкы редактору, 2003-2011-жылдары «Теңир-Тоо — Дордой» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы, 2011-2013-жылдары «Лола-Мобайл» ЖЧКсынын директору, 2013-жылы «Замандаш» журналынын башкы редактору, 2013-2015-жылдары Бишкек мэриясынын коомдук тамактануу департаментинде директор, 2015-2016-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, 2020-2021-жылдары Бишкек шаарынын турак жай — коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри кызматтарын аркалаган. 2011-жылдын июнь айында мурдагы кызматтык ыйгарым укук-милдеттери сакталган абалда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM