Биз менен байланышыңыз

Кыска метраждуу тасмалар фестивалына 14 чет элдик фильм тандалды

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 436 | 0

14-17-сентябрда Бишкекте өтө турган «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалынын эл аралык сынак бөлүгүнө 14 фильм тандалып алынды. Бул тууралуу кинофестивалдын уюштуруучулары билдирди.

Буга чейин улуттук сынак бөлүгүнө 12 тасма өткөн. Быйыл кинофестивалга катышуу үчүн Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн 500дөн ашык арыз келген.

Кинофестивалдын ачылышы 14-сентябрь саат 12:00дө «Манас» кинотеатрында өтөт. Жеңүүчүлөрдүн аты 17-сентябрда саат 16:00дө айтылат. Сыйлыктар «Мыкты тасма», «Мыкты режиссёрдук иш», «Калыстардын атайын сыйлыгы» жана «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү» номинациялары боюнча берилет.

Эл аралык сынакка тандалып алынган тасмалар:

— «Безмолвие», режиссёру Замин Мамедов (Азербайжан);

— «Моё чёрное сердце», режиссёру Гаруш Казарян (Армения);

— «Друг», режиссёру Андрей Светлов (Беларусь);

— «Круговой», режиссёру Автандил Софромадзе (Грузия);

— «Пуговица», режиссёру Нурбол Ерболулы (Казакстан);

— «Мээрман», режиссёру Айкөл Нурланбек уулу (Кыргызстан);

— «Пряный», режиссёру Антон Рюмин (Латвия);

— «Техно, мама», режиссёру Саулюс Барадинскас (Литва);

— «Я Дорин», режиссёру Валериу Андруита (Молдова);

— «Ты здесь», режиссёру Орхан Абулов (Орусия);

— «Обуза», режиссёру Манзарали Шерали (Тажикстан);

— «Астма», режиссёру  Хуснулло Жомонкулов (Өзбекстан);

— «Предел», режиссёру Иван Винарчик (Украина);

— «Вираго», режиссёру Керли Кирх Шнейдер (Эстония);

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM