Биз менен байланышыңыз

Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир бериле элек

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 921 | 0

Былтыр октябрь окуясында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө жакында Бишкекте батир берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө батир берүү тууралуу тапшырманы Садыр Жапаров былтыр күзүндө эле берип, бирок мэриядагы адамдар ал маселени убагында чечкен эмес.

«Бул маселе өлкө башчысынын жеке көзөмөлүндө турат. Жакын арада Үмүтбектин үй-бүлөсүнө борбор калаадан батир берилет», — деди ал.

Эскерте кетсек, былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого нааразы болгондор 5-октябрда митинг уюштурган. Милиция митингге чыккандарды күч менен таратууга аракет кылган. Митингге чыккандарды таратуу учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM