Биз менен байланышыңыз

Тарых музейи качан ачылары белгисиз

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 485 | 0

Беш жылдан бери жабык турган Мамлекеттик тарых музейи качан ачылары белгисиз. Так күнү белгилүү болгондо гана маалымат берилет. Бул тууралуу «Маралга» Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Министрликтин айтымында, Кыргызстан музейдин прораммалык камсыздоосун иштеп чыккан германиялык компанияга 226 миң евро карызын төлөй элек.

Музейдин ачылбай жатышы өкмөттүн бересесин бербей жатканына да байланыштуу.

Белгилей кетсек, апрель айында маданият министри Кайрат Иманалиев Тарых музейи 31-августта ачыла тургандыгын кабарлаган. Ага чейин мурдагы маданият министри Азамат Жаманкулов да бир нече ирет музей ачылары жөнүндө айткан. Тилекке каршы, музей эмгиче ачылбай келет.

Тарых музейи 2016-жылы оңдоп-түзөө үчүн жабылган. Аны реконструкциялоо иштерин Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) милдетине алган. Бирок кийинчерээк, оңдоп-түзөөнүн биринчи этабы аяктаган соң, Кыргызстан менен Туркиянын мамилеси солгундап кеткенине байланыштуу ТИКА ишти андан ары улантууну белгисиз мөөнөткө токтотуп койгон. Мындан улам ишти бүткөрүүнү мамлекет өзү алып, өлкө бюджетинен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Ошондой эле оңдоо иштеринин кийинки этабы Германиянын Vitrinen-und Glasbau REIER компаниясына тапшырылган.

2018-жылы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясы бул боюнча атайын иликтөө жүргүзүп, музейдеги эмерек, экспонат, буюм-тайымдар өз баасынан төрт-беш эсе кымбат сатылып алынганын аныктап, корутундусун жарыялаган. Башкы прокуратура аталган иштин негизинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган бир нече мамлекеттик кызматкерге иш козгогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM