Биз менен байланышыңыз

Малайзиянын NAMA фонду Кыргызстандын 10 мектебине көмөк көрсөттү

Билим-маданият , Коом | 2 Сен 2021 | 2861 | 1

«Мектептердеги окуу чөйрөсүн жакшыртуу» долбоорунун алкагында өлкөдөгү 10 мектепке заманбап материалдык-техникалык жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, «Ала-Тоо» өнүктүрүү борборунун президенти Мохаммед Абделькарим, NAMA фондунун аткаруучу директору Мубарек Базиед жана долбоордон колдоо алган 10 мектептин директору катышты.

Аталган долбоордун башкы максаты мектептерди техника менен жабдуу аркылуу окуу-тарбия иштерин жеңилдетүүгө жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Долбоордун негиздөөчүлөрү NAMA эл аралык фонду менен «Ала-Тоо» өнүктүрүү борбору негизинен билим берүү тармагы боюнча иш алып барат.

«Биз эл аралык грант берүүчү уюмдардын бири болуп саналабыз. Башкы багытыбыз билим берүү тармагына арналат. Мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге арналган ар кандай программаларыбыз бар. Фонд 2014-жылы Малайзияда түзүлгөн. 2020-жылы пандемия учурунда Кыргызстанга NAMA фонду бир топ жардамдарды берген.  Максатыбыз: шарты жок мектептерди заманбап стандартка туура келген сапаттуу мектепке айлантуу. Бул стратегия беш жылдын ичинде ишке ашат деген пландар бар», – деди NAMA фондунун аткаруучу директору Мубарек Базиед.

Аталган долбоордун алкагында Кыргызстандын жыйырмадан ашык мектеби менен иш алып барып жатышканын айтат «Ала-Тоо» өнүктүрүү борборунун кызматкери Рахматулла Мухамед. Ал белгилегендей, учурда мектептерди камсыздоо иштери жүрүп жатат.

«Кыргызстан боюнча жыйырмадан ашык мектеп менен түз байланышта болуп, мугалимдерди билим берүүнүн жаңы ыкмаларына жана башкаруунун жаңы технологиялары менен иш алып барууга үйрөтүүдөбүз. Учурда мектептерге техникалык жабдууларды (акылдуу доска, компьютер, чоң сыналгылар, айрым мектептерге парта-отургучтар) берип жатабыз».

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, NAMA фонду министрлик менен туруктуу өнөктөш. Булар башкы орунга техникалык жабдуулар менен гана камсыздап коюуну эмес, мектептин менеждменттин өнүктүрүүнү, билим берүү сапатын жогорулатууну коюшат.

«NAMA фонду менен биз туруктуу өнөктөшпүз. Эң негизгиси, ушундай техникалык жабдууларды берип коюу эмес, эң негизгиси, мектептин менеджментин аябай өнүктүрүү. Кандай жардам болбосун, айталы, материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыздоо жактанбы, квалификацияны жогорулатуу жактанбы, тажрыйба алмашуу жактанбы, айтор, ошол мектептин андан ары өнүгүп кетишине жакшы салым кошуп келе жатат. Булар: «Пасивдүү түрдө жардам берип койсо, биз мурдагыдай иштей беребиз», — дегенди көздөбөйт. Бул өнөктөштөрдүн эң негизги максаты: аймактардагы бардык мектепти бирдей өнүктүрүү. Маселен: туура жетекчилик кылуу, кадрларды туура тандоо, окуучуларга жакшы шарт түзүп берүү сыяктуу. Мен ойлойм, мындай өнөктөш долбоорлорду көбөйтүшүбүз керек».

Эске салсак, NAMA фонду 2020-жылы пандемия учурунда аталган долбоордун алкагында мектептердеги аралыктан окутуу системасын жакшыртуу боюнча да бир катар иштерди жасаган. Ал иштердин катарына 60ка жакын мектепке 200дөн ашык ноутбук белек кылганын кошууга болот.

Даярдаган: Орозгүл Аташова

1 пикир

1 пикир

  1. Суйун .Жумашева.

    03.09.2021 10:35

    Ушундай фонддор шаардык мектептерди эмес алыскы райондордогу айылдык мектептерди каржылап ошолордун окуучуларына сапаттуу билим алууга жардам берсин. Шаардагы мектептер мындай акыркы технологиядагы окуу жабдыктары менен камсыз болгон . Жок дегенде 50%. Аыйдык мектеп окуучуларына заманбап окуу куралдары ото керек. Алар да жакшы билим алууга укуктуу. Мен билим беруу Министрлигинен суранам Ат-Башы районундагы мектептерди ушундай фонддор менен иштоого мумкунчулук тулуп бергиле.Мисалы Боогачы орто сектеби.Мурда билим сапаты жагынан эн алдынкы мектеп болгон.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM