Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү дүйнөдө 93-орунда турат

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 328 | 0

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү дүйнөдө 93-орунда турат. Бул тууралуу Global Firepower аналитикалык борбору чыгарган дүйнө мамлекеттеринин армиясынын рейтингинде көрсөтүлгөн.

Борбор Азия мамлекеттери арасында аскерлеринин күч-кубаты боюнча Кыргызстан төртүнчү орунда турат.

Рейтингге ылайык, Өзбекстан 51-орунда, Казакстан – 61, Түркмөнстан – 86 жана Тажикстан 99-орунду ээлейт.

Адыңкы үчтүккө АКШ, Орусия жана Кытай кирген. Армиясы күчтүү 10 мамлекеттин катарында Индия, Япония, Түштүк Корея, Франция, Улуу Британия, Бразилия жана Пакистан бар.

Аталган борбор өз талдоосунда 140 мамлекеттин армиясынын жоокерлеринин санын, аскердик техникасын, коргонуу тармагына бөлгөн каражатын салыштырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM