Биз менен байланышыңыз

3-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 478 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 3-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көлдүн айрым райондорунда жана Чүй облусунун кээ бир аймактарында жаан жаайт. Калган аймактарда жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында, өлкөнүн тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;

Нарын жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +31…+33.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM