Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы 16 автомектепке эскертүү берилди

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 516 | 0

Кыргызстанда жалпы 273 автомектеп бар, анын 65и мамлекеттик кесиптик окуу жайлардын базасында, калганы жеке менчик. Мындай маалыматты билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров жол кырсыктары талкууланган жыйында айтты.

Быйыл 40 автомектепти текшерүү пландалып, 25и текшерилип бүттү. Анын ичинен 16сына эскертүү берилди. Кемчиликтерди жоюуга үч ай убакыт берилди. Эгер жоюлбаса, дагы бир жолу эскертүү берилет. Анда да автомектеп талаптарга жооп бербесе, мыйзам боюнча лицензиясы кайтарылып алынат.

Билим берүү жана илим министрлиги лицензиялык талаптардын аткарылып жатканы боюнча мониторинг жүргүзүп турат.

Кыргызстанда быйыл жарым жылда 3 миң 396 жол кырсыгы катталып, 329 киши каза болду, 5 миң 70 адам жаракат алган.

Адистер жол кырсыктарынын 80-85 пайызы адамдык факторлордон улам болорун айтышат. Башкача айтканда, айдоочу кетирген ката, жол эрежесин сактабагандык, унааны ойноп айдоо — мунун баары жол кырсыктарына алып келүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM