Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Армияны күчтөп жатабыз (видео)

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 751 | 0

Кыргыз армиясы жаңыланып жатат. Ал үчүн акча бөлүнүп, техникалар алынууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жергиликтүү ютуб каналдардын бирине маек куруп жатып айтты.

Ал азыр куралдуу күчтөр бекемделип жатканын, келерки жылы толук кандуу болбосо да, кол салып кире турган душмандын мизин кайтара турган армия түзүлөрүн билдирди.

«Акча каражатын бөлүп жатабыз, армияны жаңылап, жаңы техникаларды алып келип жатабыз. Былтыр мен кызматка келген убакта бюджетибиз 20 млрд сомдун тегерегинде дефицит менен чыккан. Жылдын аягында пенсия, пособие бере албай калабыз деген коркунуч болгон, аны да бердик. Кытайдын алдында 35 млн доллар карызыбызды жабышыбыз керек эле, былтыркы жылдын пайызын, аны да жаптык. Быйыл жыл аягында профицитке чыгабыз деп күтүп жатабыз. Күчтүү мамлекетти куруу үчүн экономиканы, армияны күчтөп жатабыз», — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM