Биз менен байланышыңыз

Маматов: Партиялар округдан өз талапкерлерин көрсөтө алат

Күн чабыт , Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 3484 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Саясий партиялар шайлоо күнү белгиленгенден баштап 5 күндүн ичинде жарышка катышуу ниетин билдирүүсү керек болсо, бир мандаттуу округда андай ченем жок. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Боршайком 5-сентябрга чейин округдар боюнча иштерди бүтүрөт. 6-сентябрда канча округ болору аныкталат. Бул үчүн БШКнын алдында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирген атайын комиссия түзүлгөн.

«Ошолор ар бир округду карап чыктык. Бардыгы 36 округ болору белгилүү болуп калды. Алардын ичинен Ош боюнча маселе жаралып жатат. Анткени кээ бир райондордон өкүлдөр жок болууда. Ар бир райондон өкүл чыгышы керек.

Округдар аныкталгандан кийин өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер же саясий партиялар көрсөткөн талапкерлер шайлоого катышуу ниетин билдире алат. Алардын  14-октябрга чейин убактысы бар. Ошол убакытка чейин өзүн-өзү көрсөткөн талапкер арызын берип, же бир мандаттык округдан саясий партия көрсөтсө, алар саясий партиянын тизмесин да, бир мандаттык округдан чечимдерди да съездден өткөрүп, 14-октябрга чейин бүтүрүшү керек.  Документтердин баарын 19-октябрга чейин БШКга тапшырышы керек», — деди Маматов.

Жаңы мыйзамда партиялар ар бир округдан өз талапкерлерин көрсөтө алары жазылган. Сан жагынан чек коюлбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM