Биз менен байланышыңыз

АКШдагы кыргыз ишкерлер спартакиада өткөрөт

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 787 | 0

2-сентябрдан 6-сентябрга чейин АКШдагы кыргыз мекендештер Эгемендиктин 30 жылдыгына карата чоң иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу Америкадагы кыргыз ишкерлери ассоциациясынын негиздөөчүсү Умар Жусупбеков билдирди.

3-сентябрда Кыргызстандан барган JIA бизнес-ассоциациясынын, МЧМ уюмунун, ошондой эле Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин, жергиликтүү мекендештердин, ишкерлердин катышуусунда Кыргыз маданий борборунун жаңы имаратынын ачылыш салтанаты болот. Айта кетсек, аталган маданий борбордун ачылганына 6 жылга чамалап калды. Бул мекеме Америкада жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирип, майрамдык салтанаттарды, кыргыз тилин унуттурбай эсине салып туруу үчүн атайын сабактарды, Кыргызстандан барган меймандар менен жолугушууларды, дагы башка көптөгөн иш-чараларды өткөрүп турат.

Ушул эле иш-чаранын алкагында 3-4-5-сентябрда спартакиада өтөт. Улуттук жана дүйнөлүк спорттун 12 түрү боюнча боло турган мелдешке 12 штаттан келген кыргыз командалары катышат. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер каралган.

Мындан тышкары Кыргызстандын азык-түлүк, өндүрүмдөрүнүн жарманкеси, 5-сентябрда тойканада оюн-зоок, ыр-күлкү менен коштолгон той-салтанат болот.

Иш-чара 6-сентябрда Кыргызстандан барган ишкерлер менен АКШдагы кыргыз ишкерлердин бизнес-форуму менен жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM