Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмделгендердин саны 1,1 миллиондон ашты

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 254 | 0

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмделгендердин саны 1 млн 135 миң 889 адамга (саат 15:00гө карата) жетти.

Жалпы эмделгендердин ичинен 683 миң 773 адам вакцинанын биринчи дозасын алган. Ал эми 449 миң 495 адам вакцинанын эки дозасы менен тең эмделген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 28-мартта башталган. Учурда өлкөдө Sinopharm, «Спутник V» жана AstraZeneca вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM